ҮЧ ТҮРДҮҮ АДАМ
Күндөрдүн биринде капаланган кызы атасынын алдына келип,мындай дейт:
-Атаке,мен баардык нерседен ушунчалык тажадым,чарчап да бүттүм.Жумушумдагы көйгөйлөр,турмуш куруу маселеси,кыскасы күрөшүүгө күчүм калбады…Эмне кылсам,кеңеш бериңизчи?!
Анда атасы:
-Мен сага сөз менен айткандан көрө,бир нерсени көрсөтөйүн,-дейт.
Атасы мештин(плита) үстүнө үч казанды коюп,ар бирине сабиз,жумуртка жана кофени өз-өзүнчө салып,суу куюп коет.Бирааздан соң казандар кайнап чыккан соң,мешти өчүрүп,кызына кайрылат:
-Эмне болду?
-Сабиз менен жумуртка бышып,ал эми кофе сууга сиңип кетти.
-Туура байкадың,бирок бул үстүрктөн гана байкаган адамга ушундай көрүнөт.Чындыгында каттуу болгон сабиз жумшарганын ж