Орусия президенти Владимир Путин өлкө аймагында жашаган эмгек мигранттарына өткөн жылы берилген патенттин мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык аймактык бийлик жетекчилери 2014-жылы берилген патенттердин мөөнөтүн узартууга миграция боюнча федералдык аткаруу бийлигине кайрыла алат.