=АЯЛДЫ КҮТҮП АЛГЫН=
Аялды алсыз дедиң, алсыздыгын билип туруп,
Аярлап күтө албадың, жалындап сүйүп туруп.
Азгырып жолун тороп, бутагын кайрып алдың,
Гүлдөрүн тебеледиң, мазактап күлүп туруп.
Аялды жылан дедиң, уу сөзүң бетке чачып,
Аздектеп албай аттиң, азапка таштап качып.
Ар күнү ууңду жутса, ызалуу көз жаш менен,
Айланып калат экен, армандын уусун чачып.
Аялды азап дедиң, аялдын жылуулугун билип туруп,
Көз албай тиктейсиң ээ, сулуулугун сүйүп туруп.
Аялсыз ар бир мүнөт, кыш күнгө айланаттыр,
Жан дүйнөң миң ыйлайттыр аял деп күйүп туруп..
Аялды тозок дедиң, бейиштин өзү экенин билип туруп,
Бейишке баргың келсе, аздекте күлүп туруп.
Ызалык, азаптарын унуттур мыр