БУЛ ОКУЯ СЕН ЖӨНУНДӨ
Бир киши балык уулап жан бакчу эле. Күндөрдүн биринде адаттагыдай торун көтөрүп балык уулап келүү үчүн деңиздин жээгине барат. Ал күнү кечке тор салып отуруп бир балык кармайт, жоктон көрө жогору, бир балык болсо да ырыскым деп сүйүнүп үйүнө келет. Үйүнө кирээри менен аялы балыкты алып, аны бышыруу үчүн ашканага кирип кетет. "Бисмилла"-деп балыктын ичин жарса, ичинен бермет таш чыгат. Көздүн жоосун алган кооз ташты, жети уктаса түшүнө кирбеген берметти көргөн аял күйөөсүнө: “Кожоюн... кожоюн ... караңызчы, мен бермет таш таап алдым...” Күйөөсү: “Эмне...? Бермет таш дейсиңби?, кана бери берчи!”-деп, көргөн көзүнө ишене албай бир саамга туруп калат. Заматта зергер кошунасы