КӨЛДҮГҮМ
Көлдүгүм ,,эркек'' сууңу кечип келем,
Көк шибер көркөмүңө көшүп келем.
Өзгөндүн өзгөчө кооз бермети деп,
Өзүңдө өмүр көчүн көчүп келем.
Жаңгагың жабыратып терип келем,
Жагымдуу жыпарыңа эрип келем.
Ырыскым ушул жерде болгонуна,
Ыр менен ыраазылык берип келем.
Аарылар алчуу гүлдө балчалары,
Алмасы, долоносу, алчалары,
Ит мурун , чычырканак, бүлдүркөнү,
Айтылбай калды дагы канчалары.
Өзөн суу өрдөн ылдый элеп желеп,
Өмүрдүн өзөгү бул дегим келет.
Алмасын, жаңгагын да коё туруп,
Аптыгып топурагын жегим келет.
Жүрөктөн оргуп чыккан ырларыма,
Жүрөмүн болдун го деп өзүң себеп.
Мурзакарам Жаныбаев.