ТӨРТ МЕЗГИЛ
Төрт мезгил бар, жыл ичинде алмашкан,
Ар бир мезгил төп келишип жарашкан.
Жашоо үчүн ыңгайлашкан ай-күнүн,
Тартуу кылып берген экен жараткан.
Жаз айында, бейиш сыры катылган,
Бүт чөлкөмдү жашыл ырааң камтыган.
Гүлгө толгон ажайып кооз бул айдын,
Жыпар жыты кең ааламга аңкыган.
Жай да келет, ысык аптап балкыган,
Сайраган куш обон созуп шаңшыган.
Жайдын таңы эргүү берип жүрөккө,
Жан эргитип, бактылуулук батырган.
Алтын күзүм токчулуктан куралган,
Молчулуктан ырыс кешик таралган.
Саргайыңкы коңур күзгө жарашып,
Кут береке ушул айда жаралган.
Сыйкырчы кыш, аппак тонун жамынган,
Бүткул аалам башын ийип багынган.
Сыйкырлаган жомок өңдүү туюлат,
Келген кезде кыш мезгили алыстан.