Бир жолу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам жана салаваты болсун) ооруп калганда, Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) ага: «О, Алланын Элчиси (Алланын ага салам жана салаваты болсун)! Сиз катуу тумоолоп жатасыз» – деди. Алланын Элчиси (Алланын ага салам жана салаваты болсун) ага мындай деп жооп берди: «Ооба, Аллага ант, мусулмандан сыноо Алла анын күнөөлөрүн дарактан жалбырак түшкөн сыяктуу, жууп кетирмейинче кетпейт» (Бухарий).
Ар бир дене дарты, ал эмес өтө олуттуу оору дагы – бул ыймандуу адам дуушар болуучу кезектеги сыноо болуп эсептелет. Бул абалда болуу менен ал Алла Тааланын мээрими жана камкорчулугу ушундайча көрүнөөрүн билиш керек. Сабырдуулук кылып бул кыйынчылыкты жеңген адам А