Бул жашоодо өтүп кеткениңден кийин, артыңда калгандар эмне кылышарын, сени канча убакыт эстеп жүрүшөрүн билгиң келеби?????
Анда бул дүйнөдөн өткөн адамдардын артындагыларына көз чаптыр. Бир адам кайтыш болду. Буга чейин анын Эшмат деген элге белгилүү аты бар эле. Бүгүн анын аты өчтү. Элдин баары сөөктү жууш керек, майитти кепиндеш керек, мүрданы жерге бериш керек деп сүйлөп калды. Эч кимдин оозунан Эшматты жууйлу, же Эшматты кепиндейли деген сөз чыкпады. Аты өчөт деген мына ушул. Адамдар ыйлашты, кайгырышты, кээ бирөөлөр чындап кайгыга батса, кээлери элди туурап ыйламыш болду. Кээ бирөөлөр анын мындан аркы жашоодо такыр болбостугун эстеп муңканышса, кээлери анын малмүлкүн эсептеп, анын канч