Жан дүйнө алсыздыгы!!!
Жашылданып, сейил бак көрккө толуп,
Булуту жок асманым көпкөк болуп,
Мен дагы олтурамын үн катпастан,
Адамдардын арасында жалгыз болуп.
Олтурдум, көпкө дейре унчукпастан,
Элдердин сырын угам үн катпастан,
Кулак төшөп тургансыйт, дагы бирөө,
Жан шеригим, мемиреген көпкөк асман.
Тыштан көрсөн баары эле бактылуудай,
Ичтен көрсөн баары эле капалуудай,
Ушунчалык катуу сокку жегенби дейм,
Жан дүйнөсү, жүрөгү жаралуудай.
Коркуп кеттим көрүп алып алсыздыгын,
Элдердин калбай калган барксыздыгын,
Коркуп кеттим карап алып жүрөгүнө,
"-Сүйүү!!!"-деп жатып алган жансыздыгын!
Айткылачы, сүйүү өзү кандай неме?
Жаасын тартып туруп катуу жебе,
Жүрөгүн тешип өтүп кетке