МАХАБАТ ДАСТАНЫ Суйбо дедин суйорумду билип туруп Суйуп турган журогумду куйуктуруп Мейли суйбойм бирок кантип тушундурчу Жалындаган жан дуйномду булуктуруп Суйбо дедин багытынды буруп туруп Суйуктуум деп суйлогонумду угуп туруп Суук созун кокуроко кадалгансыйт Сурдоп турган журогумо кан жар уруп
Махабаттын суусун ичип муроктон Мандыратып жан дуйномо кул оскон Бактым эми татым эми дегиче Басып кеттин оорун алып журоктон Жооп кутуп узулбогон умуттон Жолун карап жолочудай кун откон Аруу сезим арбап журок кылдарын Ашыктыктан алсыздыгым жудоткон Махабаттын майданынан сурдогом Эл кулсо да мен алардай кулбогом Элесинди унутарда гездештик Сени коруп кышында да кулдогом