Сенден алыс болсом дагы алтыныым Оюм сенде ар бир баскан кадамым Жанына аман эсен барсам эгер Болчу жаным мени суйгон жубайым
Канчалык суйоорумду билесин Сезимимди дагы жакшы сезесин Барайынчы жанына куса кылбай Сага айтып махабаттын кемесин Бирок билгин эртелеп чакыртып ал Турк кыздары мени чаап кетпесин😂 Албетте тамашам бул сага болгон Суйом сени жана эч кимге бербеймин
Мекенимден айланайын кыргыз жерим Абасына суусуна да бааны бердим Анталия шаарына да тездик менен Келечекке умтулуп учуп келдим Кеткин келип сагынасын оз жеринди Кете албайсын анткени тубу жердин
Кыргыз корсон кубанасын жаш баладай Коптон бери корушо элек бир туугандай Барктайлычы кадырлап элди жерди Капкайдагы олколорго алмаштырбай Биримдиктуу ынтымактуу бололучу Эх кыргызым ар кимисин болуп жарбай Мына эми баркын билип жатамын Жер жок экен мекеним Кыргызстандай