Мен сени сүйгөн үчүн күйүп көндүм,
Мындайын көрбөгөнмүн күйүттөрдүн.
Күтүүдөн, сагынуудан бул жашоомдо,
Күйүттү жаш башыма үйүп көрдүм.
Бир өзүң сүйгөн үчүн азаптандым,
Бир ошол келээр жолуң карап калдым.
Жолубуз башка экенин билип бүгүн,
Жүрөктү мына эми аяп калдым.
Күнөөлөп ак сүйүүнү жектебейли,
Күнөө көп бизден кетсе, кетсе мейли.
Чын сүйүү эмне экенин билип алдык,
Чиймелеп эми өткөндү эстебейли.
Жашоодо аруу бойдон сүйүү калсын,
Жүрөктө сүйүү өчпөй үйү калсын,
Адамдар сүйүшкүлө, кубангыла,
Ар үйдө сүйүү шамы, сүйүү жансын.
Манас