Атам менен сүйлөшкөндөгү сөздөрүмдү эстесем жыйырма сөзгө жетпесе керек. Ар дайым урматтадым. Чогуу бара жатканда алдына өтпөй бир аз арткараак басып алчумун. Көлөкөсү оң тарапка түшсө сол тарабына өтүп, сол тарабына түшсө оң тарабына өтүп , көлөкөсүн баскандан да уялчумун. Атам каардуу эле. Бирок каарданганынан да мээримдүүлүгү байкалып турчу. Мага көп окуя айтып түшүндүрөр эле. Ар бир окуясы жүрөгүмө уюп түбөлүк сакталып кала берди. Бир жолу чакырды да, балам кайракты алып келчи деди. Чөнтөгүндөгү кичинекей бүктөлмө бычагын курчутат го деген ой менен алып келип бердим. Кайракты бир аз колуна алып карап туруп, кайра алпарып коюшумду суранды. Мен кайра алпарып койдум. Атам кайра