Сиздин балаңыз эмне кылганды билет? Төмөнкү макалага салыштырып, анын калыптагыдай өнүгүп жатканын дагы бир жолу тастыктаңыз.
1 айлык
Жаңы төрөлгөн балдар суткасына 22-23 саат укташса, айдын аягында 17-20 саат болуп азайып калат. Бир айга жакындаган бала кандайдыр бир буюмду караганга үйрөнөт. Муну текшерүү үчүн ачык түстүү оюнчукту баладан 30-40 см аралыкта кармап, оңго-солго жылдырыңыз. Бала көзү менен оюнчукту ээрчүүгө тийиш. Оюнчуктун жана башка нерсенин катуу чыккан үнүнөн чочуп, ыйлап жатса токтоп калып, кыскасы, реакция кылат. Эгерде көмкөрөсүнөн жаткырып койсоңуз, башын 5 секунддан 20 секундга чейин көтөрүп тура алат. Бала ушул курагында