ЭЛДИН ҮРӨЙҮН УЧУРГАН БУЛ ЭМНЕ ЖАНДЫК? Жакындан бери WhatsApp аркылуу "бир тири шумдук жандык пайда болуптур, чакса 2 сааттан кийин адам өлөт экен" деген билдирүү менен түрү укмуш курт-кумурсканын бир түрүнүн сүрөтү желдей таркап жүрөт. Адамдын үрөйүн учурган бул эмне жандык? Адамды өлтүрө чагабы? Суроолорубузга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун илимий адиси Дмитрий Милько жооп берди."БЕЛОСТОМАТИД КАНТАЛАСЫ – ТРОПИКАЛЫК КУРТ-КУМУРСКА"
WhatsApp аркылуу таркап жүргөн сүрөттөгү курт-кумурска – бул белостоматид канталасы. Сүрөттөн карап кайсы түрү экенин так айтуу кыйын. Анткени белостоматид түркүмүндөгү курт-кумурскалардын 200дөй түрү бар. Эгер жандыктын сүрөтү эмес, өзү болсо, түрүн аныктоого жеңил болмок. Негизи белостоматид канталасы Орто Азияда жана Борбордук Азияда жашабайт, булар тропикалык өлкөлөрдөгү сууларды, нымдуу жерлерди мекендешет. Жер шарындагы суулардын булганышынан улам булардын көп түрү жок болуп бара жаткан курт-кумурскалардын катарына кирген. Биз атайын алып келип, ага кам көргөнүбүздө да майдан октябрга чейин эле жашаган, климатыбызга көнүп кете алга