Айтылуу Чыңгызхан кайсы бир чабуулунда бир боо аскерди кырат. Ал аскерлердин башчысы да өлөт. Өлгөн аскер башынын жалгыз жансакчысы бегинин өлүгүнө Чыңгызхандын менсинген топ жоокерин жолотпой, жалгыз өзү коргоп туруп алат. Жалгыз жансакчыга даап баралбаган жоокерлерин карап турган Чыңгызхан чабуулду токтотот да, "Эй, жансакчы, бегиңдин сөөгүн атыңа арт да кете бер, эркинсиң. Сага эч ким тийбейт" дейт. Жансакчы бегинин сөөгүн артынып алып жөнөп кетет. Ошондо Чыңгызхан аскерине карап: "Мына адам деп, жоокер деп ушуну айт. Өлгөн бегинин сөөгүн да саткан жок. Абийирин да өлүк астында таза кармады. Мен бир Көкөтеңирден, анан саткындардан корком. Саткынчылык - абийирди төгүү, абийири төгүлгө