Тарбия деген ушул... Кемпирдин үч келини бар экен. Үч келинге бирдей мамиле жасап ,жоолук алса, бирине кызыл, бирине көк, бирине ак алчу экен. Кемпир бир күнү катуу ооруп калат. Кичи келини 15 кун багыптыр . 15 күндөн кийин келини “Биз эле карай беребизби, ортончу абысыным деле баксын.. Сумка көтөрүп эле иштеп жүрөт. Биздин эле апабыз бекен”- деп ортончу абысыныкына алып барат. Ортончу келини кемпирди 1 ай багып, “Ботом улуусу деле карасын.. Иштерибиздин баары калып калды ”-деп уулу келине таштап кетишет. Арадан 3 ай өтөт. “Апабыз тынчып эле жатып калды бир барып келели”- деп көргөнү келишет. Короонун ичинде киришсе эле апасы эшик шыпырып жүргөнүн көрүшөт. “Ой апа , эмне