СҮТКОР...
Мен жакшы үй бүлөөдө чоңойдум.Атам бухгалтер,апам мугалим болуп иштейт эле.Жогорку окуу жайды жакшы бүтүп,атамдын тааныштары аркылуу жакшы ишке кирдим.Озум экинчи курста окуп жүргөндө үйлөнгөн үчүн, окууну бүткөндө, үчүнчү уулум төрөлдү.Ишим аябай жакшы,барган сайын мартабам ашып,улам бийиктикке көтөрүлө бердим.Иним үйлөнгөндөн кийин,биз бөлүнүп чыктык.Ишим жакшы болуп,акчам көбөйгөн сайын,акчамды процентке бере баштадым.Ал убакта динден түшүнүгүм болсо да,бирок бир да амалын аткарбайт элем.Пайызга берген акчаларым да көбөйүп,мен үй жайымды заңгыратып оңдоп алдым, үч уулдан кийин кыздуу болдум, мага кыз төрөп бердиң деп,аялыма машина да алып бердим.Ар дайым ушунда бактылуу күндө