✏ Күндөрдүн биринде падыша жан-жөкөрлөрү менен шаарды кыдырып жүрүп, жашы токсонго чыгып калган дыйкандын зайтун дарагын отургузуп жатканын көрүп калды. Падыша абышкага: "Эмне үчүн зайтун дарагын отургузуп жатасыз, бул дарак мөмө бергенче жыйырма жыл керек болот, а сиздин жашыңыз болсо токсонду таяп, ажалыңыз да жакындап калыптыр"-деди. Карып калган дыйкан: "О, падышам! Ата-бабаларыбыз бак-дарак отургузду, мөмөсүн биз терип жедик. Биздин урпактарыбыз да мөмөсүн жесин деп дарак отургузуп жатам"-деп жооп берди. Падыша: "Эң жакшы сөздү ушул абышка айтты, алтын бергиле!"-деп аскерлерине буйрук берди. Абышка акчаны алаары менен жылмайып койду. Падыша: "Эмне үчүн жылмайып жатасыз? "-деп сурады.