Мусулман бир туугандар! Акыркы күндөрү “Ватсап” жана социалдык тармактар аркылуу “...Кайсы адам биринчи болуп Рамазан айын башкага жеткирсе, ошол адамга тозоктун оту арам болот” деген кат тынымсыз таркап жатат. БУЛ ЖАЛГАН ХАДИС! Пайгамбарыбыз минтип айткан эмес. Эч бир хадистер жыйнагында да келген эмес. Ушуга окшогон жалган каттарды таркатуу күнөө экенин эскертип коюуну чечтик.
Пайгамбарыбыз صلي الله عليه و سلمбир хадисинде мындай деп айткан: “Кимде-ким мен айтпаган эле сөздү мени айтты деп таркаткан болсо, анда ал адам тозоктон өзүнө жай даярдай берсин”. (Ибну Маахаж, 34; Сахих аль-Бухари, 110; Сахих Муслим, 3)
Ал эми башка бир хадисте айтат: “Кимде-ким хадистин жалган экенди