🌱БИР СЕКУНД
Бир секунд – бул самолетко кечигүү,
Бир секунд – бул жанган отту өчүрүү.
Бир секунд – бул бир кылымда жуулгус,
Бир чоң ката, бир чоң айып кетирүү.
Бир секундда жамгыр карга айланат,
Ачууланса адам болот айбанат.
Бир секундда “туттум” деген сөз айтып,
Жубайыңа бүт өмүрүң байланат.
Бир секундда дарак сынат карс этип,
Бир секундда жалын өчөт жалп этип.
Бир секундда жүрөк токтоп акыры,
Ысык дене музга айланат жан кетип
Бир секундда жарк деп жанат электир,
Төгүлөт суу коңторулса челек бир.
Бир секундда бий кол койсо буйрукка,
Сенин он жыл иштешиңе себептир.
Бир секундда топчу түшөт күрмөдөн,
Өтөт канча инсан ушул дүйнөдөн.
“Күнөөлүү” деп секунд өкүм айтылып,
Өмүр бою чыкпаган