Жан балам,жароокерим.
Эрмегим,эркетайым.
Жашоодон жанылбастан,
Туз жолдон чалынбастан.
Турмуштун ойдо-томон,
Сыноосуна кабылбастан.
Алдыга кадам ташта,
Акырын шашылбастан.
Тагдырдын дангыр жолу,
Сен учун ачык болсун.
Суйкумдуу менин уулум,
Жан дуйнон жарык болсун.
Жараткан озу колдоп,
Балээден сактаса экен.
Мен канча кыйналсам да,
Сага эч кайтпаса экен.
Ойдодо обогумсун,
Ылдыйда жологумсун.
Ырыстуу менин уулум,
Жан дуйнон боксорбосун.
Жашоодо баары болот,
Ар убак даяр болгун.
Актагын ак сутумду,
Жанымда аман болгун.
Козумдун кареги сен,
Дуйномдун дареги сен.
Бактыма бар болгунун,
Бал тилдуу менин эркем.