КЫЗДАРДЫН ЖООЛУК САЛЫНУУСУ
Китептин тышы бар, найзанын кыны, карап турсак бардык нерсенин сыртынан капталган “жапкычы” бар. Машинабызды да ар түрдүү кокустуктардан сактоо чийилип, күн тийип эскирип калбоосу үчүн жаап коёбуз. Жабык нерсе ачык нерседен сырдуу көрүнөт, ачып көрүү элдин баарына эле мүмкүн эмес болсо ого бетер барктуу, баалуу деп билинет. Бул буюмдар жөнүндө, а адам баласы, болгондо да назик, сулуу болгон аялзаты өзүнүн сулуулугун, сырдуулугун сактабаса ал сулуулуктун баркы кетпейби?!
Аялды бир товар катары маркетингде колдонуу; “Кассага иштегенге кыз керек, эң биринчи сулуу болуш керек, кардарларга дайыма күлүп турушу керек.” Коомдо кабыл алынып калган, аял дайыма сулуу көрүн