КООШПОГОН ЫР
(Устатым Нурила Таласбаеванын жаркын элесине)
Ийри түшүп неге кокус сызыктар,
Ийне жарык өчтү неге жылып шар?
Күндөй текши, алпейим жан элеңиз,
Каран күн ай, сиздей кайдан табылар?
Шум ажал ай, неге келдиң ушул күз
Дүйнө дагы өзүнө эч окшобой.
А жүрөктө бороон улуп, кар уруп,
Сентябрдын күзү күзгө окшобой.
Айласыздык. Аалам алып асылды,
Ай кучактап жерге боюн жашырды.
Арман дүйнө эми кайдан таптырмак,
Ажарынан күн уялган асылды,
Сиздей алтын эжекемдей асылды.
Жаткан жериңиз жайлуу болсун. Бейиштин төрү насип этсин. Кошуңуз эжекем.