ЭРТЕҢ ДЕБЕ...
"Эртең" дейбиз алдап коюп жүрөктү,
Мына дагы азыгы жок күн өттү.
Жалган дүйнө тамагына тойсок да,
Дилибиз ач, напси бизди жүдөттү!
Шайтан дайым тороп коюп жолуңду,
Байлап турат дуба кылчу колуңду.
Азыр эмес, эртең дейбиз коркуу жок,
Ажал үчүн чеп кылгандай жонуңду!
Таңдар атып күн чыкканда унутуп,
"Эртең" дейбиз убаданы кайталап.
Кепилдик жок эмне болот бир азда?
Аны билбей биз жүрөбүз кайкалап.
Жеңил кылып мусулмандын багына,
Ибадатты кабыл кылган Аллахым.
Бар болгону таза жерден оку деп,
Ачык кылган кулдарына Жаннатын!
"Эртең" дебей, карыганда деп айтпай,
Мына азыр туралычы катарга!
Намаз окуп жүрөк менен жалбарып,
Кунут менен ант берели жатарда!!!