Жүзүң бир сулуу келишкен,
Жүзүмү ширин жемиштен,
Окубай намаз жүрөсүң,
Алдыңбы билет Бейиштен?!
Жүзүң бир сонун алчадай,
Жүрөсүң иштеп чарчабай,
Байлыкты кошо алып кетпей,
Кеттиго өлүп канча бай.
Көздөрүң бышкан карагат,
Көөдөндү күнөө карарат,
Окусаң намаз беш убак,
Жүрөгүң чындап агарат.
Өзөндө суулар агып тур,
Өзүңдү сыйлап багып тур,
Өзүңдө калат соопторуң,
Жумага деле барып тур.
Кар басат зоонун чокусун,
Намазкан кийет топусун,
Өтүп кетпей класс бас..
Башкалар дагы окусун! ☝