"Сатпайлычы, сактайлычы кыргызды"
Аз болсо да келалбай келишимге,
аламандык жүрүүдө эл ичинде.
Тебелөөчү кылымдык ырыскыны,
тардык кылды Кыргыздын жери кимге?
Өнүгөбүз деген сөз алыс калып,
өксүп араң жүрөбүз намыстанып.
Өзүбүздүн байлыкты колдоналбай,
өзгөлөрдөн келебиз карыз алып.
Жаның ойлоп унутуп эл тагдырын,
жаадырасың жалгандын сел, жамгырын.
Кастарлачы сатпастан жок дегенде,
кыргызга деп бөлүнгөн жер калдыгын.
Орногондой төбөңө ташы бийик,
олтурасың өзгөгө башың ийип.
"Бомж" болуп калбайлы акырында,
бабалардын мурасын чачып ийип.
Ырылдашып тумшугун сайган карга,
ызылдашып окшошуп тайгандарга.
Куту качкан жашооңду көрүп азыр,
кудай эмес колдобос пайгамбар да.
Бириң айткан акылга