" Ачуу чындык"
Ойлонтпогон балдарыңдын убалын,
Канча турат беш мүнөттүк кумарың?
Миң ойноштон өйдө турат билип ал,
Тамак жасап күтүп жаткан жубайың.
Көчөлөрдөн көздү ойнотуп басасың,
Сулуу көрсөң бойдок болуп шашасың.
Бир үзүм эт жан дүйнөңдү башкарып,
Ала жиптин миң кырларын ашасың...
"Эркекмин" деп өзүңдү-өзүң кечирип,
Селки көрсөң бал болосуң чечилип.
Шамалга учуп үйдөн каткан акчалар,
Ыйман кетип сайрандайсың чечинип.
Көңүлдөшүң жан дилинен сүйгөндөй,
Элжирейсиң сендик болуп жүргөндөй.
Тыштап качат акчаң калбай калганда,
Ширеңкенин күкүрттөрү күйгөндөй...
Ак никенин ыйык шертин бузбагын,
Балдарыңдын жан дилине куспагын.
Ойношу жок эркек болуп үлгүлүү,
Жубайыңа мээрим төгүп уктагын..