Саламат төшөктөп калгандан бери Дарканда жан жок. Жүрөгүн кимдир бирөө уучтап зордукча жулуп жаткандай жанын койорго жер таппай калган. Күн сайын өңдөн кеткени аз келгенсип, көздөрүнүн нуру жанбай калганын көрүп, апасынын жанынан чыкпай калган Даркан тирилигин да таштады. Тирилиги эмне күнүмдүк акча тапмай. Саймаларын акчасын топтоп, дагы заказ болсо алмай. Нуржаннат жактырган медайым кызды келин кылып алган. Кайненесинин сүйгөн келини. Байжигит айтмакчы. Кээде келинчегинин жинине тийгиси келгенде Байжигит, - Кайненесинин жакшы көргөн келини, Даркан эжемден кабар алып койдуңбу...? - Ооба апасын