Адистин ою: Мал бордоо – кирешелүү иш Бакыт Мамытканов, “Спартак” мал чарбасынын жетекчиси!
Биз мал бордоп семиртүү ишин баштаганыбызга 22 жылдын жүзү болду. Алгач 2 бука алып, аны 3 ай багып сатканыбыз дале эсимде. Бул иштин ийгилигин да, кыйынчылыгын да көрдүк. Бир топ чыгымга учураган учурлар да болбой койгон жок. Бирок кыйынчылык келгенде таштап салбай ушул ишти үзгүлтүксүз жүргүзүп келдик.
Мал бордоону мыктылап өздөштүрүү үчүн көп окушка туура келди. Бул ишке байланышкан СССР учурундагы адабияттарды окуп чыктым да, советтик мал чарба адистери идеалдуулукка жакын мал бордоо системасын иштеп чыккан экен деген тыянакка келдим. Анан ошол технологияны өз ишибизде колдондук.