Айылымды сагынуу.
Сагынуудан чыдай албай барамын,
Көргүм келип ар бир элес караанын.
Ойго батып,баргым келип ан сайын,
Көчөөсүндө жүрөм борбор калаанын.
Ак сакалдуу атам күтүп жаткандыр,
Мен жөнүндө сан-санаага баткандыр.
Мени ойлонуп уйку көрбөй түйшөлүп,
Апакемдин далай таңы аткандыр.
Айылымдын эрке кызы мен элем,
Шайыр элем,оюнкараак жан элем.
"Күлкүчү кыз"атка конуп жүргөндө,
Окуу үчүн борбор шаарга жөнөгөм.
Өзгөрсө да,кыштагымдын жерлери,
Өзгөрбөсүн айылымдын элдери.
Сагынуунун чечип таштап күрмөсүн,
Барам эми туулган жерди көргөнү.
Сени ойлосом,эргийм дайым жашарам,
Жолобосун көөнү бузук кас адам.
Өнүгө бер менин сүйгөн айылым,
Мойт акенин урпактары жашаган!!!.
Автор:Болотбек кызы