2005-жылдын май окуяларынан кийин Президенттин милдетин аткаруучу Бакиевдин алгачкы жарлыктарынын бири Акаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Бул комиссияны, ант берген менин эки саясий оппонентим, андан кийин өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган Данияр Үсөнов жана Башкы прокурор Азимбек Бекназаров жетектеген. Андан кийин 100дөн ашык ишканалардын тизмеси түзүлүп, ага Кумтөр баштаган бир топ ийгиликтүү уюмдар да кирди, себеби аларды текшерүү керек болгон . Бирок белгиленген 1 айдын ордуна, комиссия бир нече ай иликтөө иштерин жургүзгөн. Акыры ал текшерүүлөр, кайгылуу натыйжаларга ээ болду. Ал эч нерсе тапкан жок! Бир