ЖАШТЫКТАН КАЛГАН ЭСТЕЛИК!!!
Дөңдөр кыя кырлар тоодой көрүнүп,
Ойночуубуз чыбык аттар жүгүрүп.
Кызыл гүлдөй түсү сулуу кырларды,
Мекен кылып ойнойт элек сүйүнүп.
Кыр түбүндө таштан тоскон көл болчу,
Боор таштар толо эле ортосу.
Балыр чөптөн сууну тоскон чеп кылып,
Ошол жаштык кайда эми ойлочу?
Балык кармап балчык кечкен күн кайда?
Жаштык кездер калып кеткен ал жайда.
Нооруз гүлүн кар кетээрде издеген,
Калды жаштык кара кырда ак сайда.
Аптап ысык күн куйкалап шыбакты,
Ойноп барчуу көшөгө таш булакты.
Көрбөй калдык отуз жылдай күн өтүп,
Өмүр дайра эх досторум карачы?
Түйүн түйүп Апалардын нандарын,
Кырда ойноп жүрчү элек ар дайым.
Ынтымактуу ошол бойдон жашайлык,
Баарыңарга өмүр берсин Ку