Аялымдын тойго кийип келген көйнөгүн көрүп чалкаман кеттим
Бул менин аялымбы? Чын элеби? Үч баланын апасы э? «Точно» менин келинчегимби? Оозумду ачкан боюнча карап турдум.
Басканы укмуш. Шиш такада мынчалык
эркин басарын унутупмун. Чачы, бели,
колдору баары өзүнө жарашкан. Бул менин
аялымбы?
Баш кошконубузга 15 жыл болуп калды. Көр
турмуш жанымдагы аялымдын сулуулугун
мага унуттуруптур. Балдар төрөлгөндөн
кийин, жашоо ага узун халат же тизеси
чыккан шым кийгизди. Мага деле, тизеси
чыккан шым буюрду. Тапканыбыздын
баары балдарга кетип жатты. Экөөбүз
өзүбүздү унуттук.
Кийин экөөбүз мындай кийимдерге деле
көнүп калдык. Балдар чоңойду. А биздин
адат калып калды. Эң негизгиси кийим