Бир боксер маанилүү мушташ алдында ооруп ооруканага жатып калат. Айласы кеткен тренери эптеп айла табыш керек деп, ордуна башка бирөөнү издеп жөнөйт. Издеп жүрүп эт комбинаттан уй сойгон касапчыга жолугат да, ага жалдырайт.
- Эптеп эле 12 раунд туруп берип койсоң, көп акча аласың, деп. Тиги касапчы макул болот.
Мушташ башталат. 1 - РАУНД. туруштук берет. 2...3...4... РАУНД.
11 - РАУНД бүткөндө бети-башы бүт канап, аябай токмок жейт. Тренери келип:
- Эми бир раунд чыдап койсоң болду... Анда касапчы:
- Тренер, мен деле чапсам болобу?
- Ой болот, чапканды билесиңби?-дейт... 12 - раунд башталганда тиги атаандашын бир урруп нокаутка кетирет. Көрсө уйларды бир уруп өлтүрүп, анан сойчу экен.