Дуба билбегендерге бул батаны (дуаны) жаттап алууну сунуш кылабыз:
Оо Жараткан Алла! Бу дүйнөдөн өткөн улуу Пайгамбарыбыз Мухаммед алейсалам баш болгон бардык момун мусулмандарга мээримиңди чач.
Алардын ичинде ата-бабаларыбыз менен эң жакын адамдарыбыздын билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирип, жандарына Жаннатыңдан жай бере көр.
Дүйнө жүзүнө, эли-журтубузга тынччылык, аманчылык, бакыбат жашоо бер.
Ар бирибизди ыйман жолуна салып, эки дүйнөнүн бактысын бер.
Өзүбүзгө айныбас акыл, унутулбас билим, көөнөрбөс нарк, адал мээнет, ообос оомат, кетпес дөөлөт бер.
Өзүмдөн мурда өзгө деп, мен дебей эл деп жашаган ниеттен ажыратпа.
Бала-бакырабызды өзүбүздөн артык кылып, урматын көрсөт.
Күйүшө