Гайморит — мурундун кошумча коңулунун — гаймор көңдөйүнүн чел кабыгынын (кээде сөөгүнүн) сезгениши. Гаймориттин өнөкөт жана катуу кармаган түрү бар. Катуу кармаган гайморит сасык тумоо, жогорку дем алуу органдарынын жана моюн бездеринин сезгенүү ооруларынан кийин, ошондой эле үстүңкү азуу тиштердин чирип, кабылдашынан пайда болушу мүмкүн. Бетке жасаган операциялардын кабылдоосу, кээ бир учурда жаак сөөгүнүн травма алышы да гаймориттин өөрчүшүнө шарт түзөт. Катуу кармаган гаймориттин алдын албоо жана ал ооруну өз убагында дарылабоо анын мезгил-мезгили менен кайталанып туруучу өнөкөт түрүнө өтүшүнө алып келет. Сезгенүүдө пайда болгон суюктук топтолуп, өзүнчө бир жагымсыз сезим пайда кылат. Көң