1⃣ Үйгө адамдын, жан-жаныбарлардын сүрөттөрүн жана жандуулардын эстелик сувенирлерин койбоо керек. Анткени, мындай үйгө периштелер кирбейт. Периштелер кирбеген үйгө шайтан оңой кирет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: *"Сүрөт жана эстеликтер бар үйгө периштелер кирбейт"*. (Муслим).
2⃣ Үй ичине ит багууга болбойт. Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Бир жолу Жабрайил периште Аллахтын элчисине келүүнү убада кылып, бирок белгиленген убакта келбей койду. Аллахтын элчиси тынчсызданып, колундагы таягын жерге таштап: *"Аллах жана Анын элчиси убадасын аткарбай койбойт"* деген аятты окуп жатты. Бир убакта ал сөөрүнүн алдынд