Айдасаң авто унааңды,
Колдоруң тынбай калтырайт.
Көрбөгөндөр арманда,
Жумгалдын жолу "жалтырайт".
Жаткырып алып айдасаң,
Грыжа дарты айыгат.
Өпкө, боор, өпкөлөр,
Тээ ылдыйга сайылат.
Стресске дары жолубуз,
Оорукчандар келегой.
Үч жолу келсең биз жака,
Айыгып кетет геморой.
Титирейт бардык жерлериң,
Тилдериң тишке тиет да.
Майларың өзү жоголот,
Кармабай эле диета.
Язва, таш, жаралар,
Өзүнөн өзү жоголот.
Калчылдап атып, сүзүнүп,
Көкмээ кишиң оңолот.