Нойгут уруусу кыргыздын түпкү урууларынын бири. Нойгут уруусу жөнүндө "Манас" эпосунда айтылат. Манастын атасы Жакып менен Алтайга айдалып барган кыргыздардын бири Акбалта деп айтылат. [[Акбалта]] нойгут уруусунун башчысы. С. Каралаевдин вариантында Акбалта акыл чыгарып кыргыздар буудай айдап байышкандыгы жөнүндө айтылат. Акбалтанын уулу [[Чубак]] Манастын эң жакын чоролорунун бири. Баатырдыгы жагынан ал Манастан кийин [[Алмамбет]], Сыргак менен бир катарда турат. Бул Алтайдагы нойгуттар. Ошол эле учурда нойгут уруусунун дагы бир бөлүгү айтылат. Бул [[Кыз Сайкал|Кыз Сайкалдын]] атасы Карача хан баштык кылган Лобнор боюндагы нойгуттар. Эпосто (С. Каралаев) Манас Аккуланы Карача хандан буудайг