Сен жараткан пендең бүгүн ойлуу,
Жүрөгү да, денеси да оору.
Оо, Аллахым! Аалам жердин Эгеси,
Өмүрүм да, өлүмүм да колуңда.
Мен ыйлабайм, калды дүнүйө көңүлдөн,
Коркот жүрөк сурагы көп өлүмдөн.
Кана пендем не кылдың деп сураса,
Эмне айтам, эмне кылдым көрүнгөн?!
Мен ыйлабайм өтөр-кетер күн үчүн,
Коркот жүрөк ибадатсыз түн үчүн.
Оо, Аллахым! Кечир алсыз кулуңду,
Тобо кылып жалбарамын күнү-түн.
Кайда качам жазылган бул тагдырдан?
Бешенеме мурун эле жазылган.
Кемчиликсиз бир Өзүңсүң Аллахым,
Ыйман менен алып кетчи жалгандан.