– Аллахтын улуктугун, багымдаттын артыкчылыктарын эсте. Жатаардан алдын багымдатка турам деп бекем ниет кылып жат. Намазды дүнүйөгө жетиш үчүн эмес, Аллах үчүн гана оку. – “Мен үчүн Аллах улукпу же убактылуу уйкубу?” деп дайым өзүңдөн сура. – Күнөөлөрдү ташта, экинчи ал күнөөлөрдү кылба. Аллахка чын ыкластан тообо кыл. – “Мага багымдатты калтырбай окуганга жардам бер” деп Аллахтан көп-көп дуба кылып сура. – Ыймандуу достордон күт, күнөөгө азгырган достордон алыс бол. – Куптандан кийин уктаганга үйрөн, жатаардан алдын даарат ал, жатканда оң капталдап жат жана уктаардан алдын айтылчу зикирлерди сөзсүз оку. – Жатаардан алдын ашыкча тамак жебе.