Бир жигит жаш кызга үйлөнөт. Салт боюнча жигит досторун үйүнө чакырып сыйламакчы болот. Ал базардан союлган койдун бүтүн этин алып келет да, аялына аны бышыруусун буйруйт. Таң калган жаш келин бышыра албасын айтат. Ачуусу келген күйөөсү аялынын буюмдарын чогултуп, мага татыктуу эмес экен деп жетелеп атасынын үйүнө алып барат. Атасына: "Кызыңыз койдун этин бышырганды билбейт экен, жакшылап үйрөтүңүз.