Сиздерди жаркырап кирип келген Нооруз майрамы менен куттуктайм! Жаздын келиши менен келген бул байыркы майрам жаңы жашоону жар салып, ынтымактын, сабырдуулуктун, мээримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун символу болуп эсептелет. Жашообузга кут тартуулаган бул күн Сиздерге да жылуу илебин чачып, үйүңүзгө кубаныч, бакыт жана береке алып келсин, элинизге арнаган ак эмгегиңизде ийгиликтер жарала берсин!