ТААСИРДҮҮ БАЯН.
Бир аалым адамдан,сиз мурда алкаш болгон экенсиз кандай динге кирип
мындай аалымдыкка жеттиңиз деп сурашат. Ошондо аалым силерге айтайын мен
эстесем жүрөгүм ооруйт, азыр айтам бирок кийин сурабагыла деп - жооп
берет.
Мен мурун ичип жаман жолдо жүрөт элем, аялым кыз төрөдү, аялым жоош
момун эле, кызымды өтө жакшы көрөм, үйгө келсем алдыма отуруп ар нерсе
сурап көңүлүмдү көтөрөт.
Ошондой күндөрдүн биринде кызым эки жашында каза болуп калат. Мени кубанычка
бөлөгөн кызымдан ажырагандан кийин биротоло бөтөлкөгө түшүп алдым.
Мен бир күн мас келип уктайын деп жаткам, бир убакта кыямат башталып
кетти жер баардыгын от каптап мен кача баштадым, артымды карасам мени
бир