ЧЫЙРАЛАЙЫН.
Кай жылдарга жетелейт ушу күнүм,
Кадимки эле адамдын бүчүрүмүн.
Жетпей жатса эстүүлөр кечиргиле,
Жете турган нерсеге түшүнүгүм.
Сабак болоор өткөндү эстегеним,
Санаа менен армандан четтебедим.
Эмне мынча дүйнөмү чыйрыктырып,
Эмне мынча кысылып чектелемин.
Кайран сонун учурлар бүт өлдү да,
Кайыш тилген жаратым бүтөлдү да.
Жанчылган соң жүрөгүм, аяп калдым,
Төөлөр чайнап жиберген тикенди да.
Бийик жардан дайрага ыргыгандай,
Бир топ күчтү жүрөккө сыйдыра албай.
Тынчым кетип жүрдүм көп жараланып,
Тырмагымды этимден сыйрыгандай.
Боздой бербей болду эми басылсамчы,
Болоор болбос түйшүктү жашырсамчы.
Чын жашоодо мен өзү кандай элем?!
Чындап жашап аткандай ачылсамчы.
Жүзүн бург