Чептен эрдин күчү бек.
Байыркы бир заманда эл бар экен.
Өзүнчө эркин ээн жашап турган.
Багында булбул сайрап гүл жадырап,
Башкача сонун жерди мекен кылган.
Ар жылы күчтүү жоолор каптап кирип
Талоонго салат экен мүлкүн, малын.
Ойрондоп эчен кымбат ордолорду,
Олжолоп алып кетип сулууларын.
Кордугу душмандардын жанга батып,
Бир күнү кеңешүүгө эл чогулду.
Бардык күч, бардык мүлкүн сарып кылып,
Жоо өткүс бекем чепти курмак болду.
Айланттып кең өлкөсүн дубал куруп,
Киришти эмгегине күн өткөрбөй.
Көтөрүп пайдубалын келген кезде,
Кайрадан кулап түшөт жар көчкөндөй.
Калың журт кайгыланды кансырады,
Катардан көтөрө албай пайдубалды.
«Себебин бул укмуштун ким табат »деп.
Ырчылар жар чак