Жошообузга жаба салып тердикти,
жаныбызды эшектерге бердикпи?
Качандыр бир алдын ала айтылган,
Калыгулдун заманына келдикпи,
семиртилип бут эшектер байлоодо,
кайран кыргыз май чыгара чайноодо,
казы, карта кайнап турчу казанда,
эми минтип эшек эти кайноодо.
Эки бут гана дебесек,
тигил, бул, ал, мен, сен эшек,
ушундай сонун тартипте, уланып барат келечек.