"АЙЫЛГА КАТ"
Байырлап, жайлоо кезген жаш чагымда,
Бак тиккем мен бир сайдын баш жагына.
Бактылуу ошол күндөн эстеликтей,
Боз чым там ээн калды баш жагында.
Алмалар жабыркайт деп мал жандуудан,
Айлантып дубал соктук ылай, чымдан.
Айла канча кар, жамгырдан дубал нурап,
Ал бактар куурагандыр малдан, суудан.
Бул тамды салган элек биз силерге,
Болоор деп, баш паанек жайда, кышта
Боордош тууган болом мен силерге,
Бозортуп боз тамымды бузбагыла.
Ал бакты тиккен элек ак тилектен
Алмасын татыйтко деп, өткөн-кеткен.
Ата-эне бир, бир тууганмын мен силерге,
Ал бактын дубалдарын бузбагыла.
Адамдын ак эмгегин сыйлагыла
Алычамды, талдарымды кыйбагыла.
Тамырлаш тууган болом мен силерге
Тизмеңерден