✍.. Битир садакасы -негизги муктаждыктарынан жана карыздарынан тышкары эң аз акча каражатына барабар (80.18 грамм алтын же анын баасындагы акча) мүлккө ээ болгон ар бир мусулмандын өзү же ага жооптуу болгон адамдар тарабынан бериле турган ,ваажип өкүмүндөгү садака. Муну кыскача битир дейт. Рамазан айынын аягында берилет.
Хадиси шарифте айтылган:
"Фитр садага байларыңарга тазкийа. Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд] (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.)
"Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садага берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс]
"Фитр садага орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон күнөөлөрдү тазалайт.” [Байхаки]